Эл аралык “Манас” аэропортунан башка жарандын паспорту менен учуп кетүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек-Новосибирск аба каттамынын №3294-рейсинин жүргүнчүлөрүн каттоо учурунда жүргүнчү башка жарандын паспорту менен өтүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулуп, ал адам укук коргоочуларга өткөрүлүп берилди. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.