Жылнаама, 30-октябрь: Мындан 3 жыл мурун Түркияда кыргыз учагы грузин учагын сүзүп алган

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Түркияда кыргыз учагы грузин учагын сүзүп алган. Түркиянын Эрзурум шаарындагы аэропортко кыргыз учагы ИЛ-76 конгон. Андан кийин аэропорттогу түрк диспетчерлеринин буйругу боюнча учак туруучу жерге карай бара жатып канаты менен грузиялык учакты сүзүп кеткен. Жыйынтыгында грузиялык учактын алдынкы айнеги, кыргыз учагынын канаты зыянга учураган. Андан жабыр тарткандар болгон эмес, анткени экөө тең Түркияда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гумжардам алып барган жүк ташуучу учактар болгон.
 
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы аргентиналык футболчу Диего Марадона Буэнос-Айрес шаарында туулган. 7 жашка толгондо спортко баш-оту менен кирип, футбол талаасында көрүнүктүү оюн көрсөтө баштаган. 1991-жылы 29-мартта "Наполи" жана "Бари" таймашынан кийин Марадонанын баңгизат колдонуп жүргөнү белгилүү болуп, ушул убакка чейинки жетишкен ийгиликтеринен айрылып каларда футболчу мындан кийин бул сыяктуу кадамга барбасын, өзүн колго аларын суранып, кайрадан оюнун уланткан. 1992-жылы июнда "Наполиге" кайтып келип, 188 беттеште 81 гол киргизүү менен кадыр-баркка ээ болгон. Төртүнчү жана "акыркы сапарга" аттанган Марадона гректер менен болгон оюнда 4:0 эсеби менен утушка жетип, ишенимдүү 2:1 эсебиндеги жеңиш менен нигериялыктарды артта калтырган. Бирок өзү менен дагы эле баңгизат алып келгени билинип, биротоло футболчулардын тизмесинен чийилип, "кара тизмеге" кирип калган. Ал эми 1995-2000-жылдары футболго кайтып келүүнүн жолун издеп, бирок жыйынтык чыккан эмес. Кийин телекомментатор, машыктыруучу болуп иштеп, тасмаларга да тартылганга үлгүргөн.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте 50 жаш түгөйдүн үйлөнүү тою өткөн. Иш-чара КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан уюштурулган. Бул салтанаттын максаты жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү болгон. Иш-чарага алгач катышууну каалаган 110 жуптан арыз келип түшкөн. Алардын ичинен талаптарга жооп берген 50 жупту тандап алуу үчүн эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун буйругу менен жуптарды тандоо боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына ЖКнын аппаратынын, аталган министрликтин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү кирген. Эске салсак, 2011-жылы 20, 2012-жылы 35 жуптун тою бир күндө өткөрүлгөн.
30-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан