Ысык-Көл облусунда пара алып жаткан жеринен Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү кармалды

Ысык-Көл облусунда пара алып жаткан жеринен Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү кармалды. Ал пара талап кылуу фактысына шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 29-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызматкер Каракол шаарынын тургунунан 10 миң сом талап кылган. Бул үчүн кылмышка шектүү шаар тургунуна жер тилкеси боюнча менчик укугун тастыктоочу документ алып берерин убада кылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө пара алып жаткан жеринен Каракол шаарындагы Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын башкы адиси кармалды. Учурда бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан