Аба ырайы, 30-октябрь: Өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, айрым аймактарга туман түшөт

30-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлерине түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -8°C

Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -9°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +10°C, түнкүсүн +5°C

Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -8°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -10°C

Бишкек шаары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -7°C

Эскертүү!

29-октябрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Бишкек-Талас унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан