Учурда кызуу жүрүп жаткан бокс боюнча Кыргызстандын биринчилигине улуттук курама команданын мүчөлөрү Турат Осмонов (49 килограмм), Азат Усеналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг) жана Эрмек Сакенов (64 кг) катышкан жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына улуттук кураманын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди. Анын айтымында, курама команданын лидерлери Азия оюндарынан кийин эс алууга тийиш.
Кошумчалай кетсек, бокс боюнча өлкө биринчилиги 10 килограмм салмактык бөлүктө 110 мушкердин катышуусунда өткөрүлүүдө.