Борбор калаада бир апта ичинде 3863 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Борбор калаада бир апта ичинде 3863 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бир апта ичинде айып пул төлөөчү жайга 235 унаа токтотулуп, мас абалында руль башкарган 37 айдоочу кармалган. Унаасынын мамлекеттик номери жок же жасалма номерлери менен айдап жүргөн 50гө жакын айдоочу токтотулган. Ал эми 2000ге жакын айдоочу жол белгилерине көңүл бурбай жана белгиленбеген жерлерге унааларын токтоткону үчүн протокол түзүлүп, айып пул салынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан