Кечээ, 29-октябрь күнү “Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл өткөрүү бекетинде Казакстандын жараны кармалды. Аны текшерүү учурунда жанынан 113 даана аскер бычагы табылган. Кармалган жаран Кыргызстандан коңшу Казакстанга өтүп кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 30-октябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, ошол күнү “Ак-Жол-унаа жол” көзөмөл өткөрүү бекетинде дагы 3 даана аскер бычагы менен Казакстандын жараны кармалган. Ал дагы Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар Панфилов райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.