Кыргызстандагы мугалимдердин кесиптик майрамы мындан ары 5-октябрда белгиленет. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин өлкөдө мугалимдердин кесиптик майрамы ар жылы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип, ар кайсы датага жылдырылып келген болчу.
Айта кетсек, 1994-жылдан бери 100дөн ашуун өлкө Мугалимдердин кесиптик күнүн 5-октябрда белгилеп келишет.