Бишкекте бир канча жолу соттолгон алдамчы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган аял 1968-жылы Ош облусунда туулган Чолпон Карымбаева болгон. Ал адамдардын ишенимине кирип, даяр диплом алып берүү менен жумушка орноштурарын айтып, бул кызматы үчүн жарандардан акча алчу. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын мурда соттолгону жана андан шаардын бир канча тургуну жабыркаганы аныкталган. Учурда кылмышка шектүү Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилди.
Эгерде кимде-ким бул аялдан жабыркаса, 0 553 102-651, 0 551 102-243, 0 551 102-241 номурларына кайрылса болот.