Бүгүн, 30-октябрда Талас шаардык сотунун астында 200гө чукул адамдан турган нааразычылык акция өтүүдө.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына катышуучулардын бири, "Кырк чоро" кыймылынын мүчөсү Замирбек Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, митингчилер ушул жылдын апрель айында "Шыраалжын" алтын кенин жабуу боюнча
пикетке чыгып, учурда соттолуп жаткан адамдарга карата адилеттүү чечимди чыгаруу талабын айтышууда.
"Мындан тышкары ошол пикеттин катышуучуларын куугунтукка алууну токтотууну талап кылып жатабыз",- деди активист.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы апрелдин башында Таласта жергиликтүү тургундар "Шыраалжын" алтын кенин жабуу боюнча маселе көтөрүп, митингге чыгышкан. Анда жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, ИИМдин ошондо тараткан маалыматы боюнча, 19 милиция кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан. Ошол митингдин жүрүшүндө автоунаа өрттөлгөн. Милиция ушул окуя боюнча Минур Сейталиевди күнөөлүү катары кармаганы маалым болгон.