Жабырлануучу Райкан Алканов Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда маалымат жыйынында Райкан Алкановдун адвокаты Юрий Скатневский билдирди.
“Учурда ишкер Чүй облустук ооруканасында. Анын абалы оор бойдон калууда. Таласта ага тиешелүү операциялар жасалып, медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Азырынча ал ден соолугуна байланыштуу окуя боюнча көрсөтмө бере албайт”,- дейт Юрий Скатневский.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго Таласта кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалган эле.