Бүгүн, 30-октябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймактык кеңешинде жаңыдан салына баштаган 120 орундуу балдар бакчасында болуп, курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты. Маалым болгондой, аталган эки кабаттан турган балдар бакчасынын курулуш иштери 16,650 миң сомго бааланып, пайдубалы 12-июлда курула баштаган. Учурда иштин дээрлик 80 пайызы аткарылып бүттү. Мэр А.Кадырбаев башкы инженерге аталган имараттын курулуш иштери өз мөөнөтүндө сапаттуу аткарылып жаткандыгын айтып, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүүнү табыштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.