Жыл башынан бери коррупциялык иштерге жана кызматтык абалынан колдонгон кызматкерлерге карата 92 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынын өткөн коллегиясында белгилүү болду.
Шаардык прокуратурадан бүгүн, 30-октябрда билдиргендей, жыл башынан бери коррупциялык жана кызматтык маанайдагы 92 кылмыш иши козголуп, прокуратура тарабынан 800 текшерүү иши жүргүзүлүп, 1365 мыйзам бузуу учурлары катталган. Аталган мыйзам бузуулардын кесепетинен 7 миллион 679 620 сом чыгым келтирилген.