Биз социалдык тармакта

Венгрияда 10 миңден ашуун тургун интернетке салык салууга каршы митингге чыгышты

Венгрияда интернетке салык салууга каршы нааразылык акциясы өтүп, ага 10 миңден ашуун адам катышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда европалык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, венгр эли буга чейин 4 күн мурун, 26-октябрда да ири нааразылык акциясына чыгышкан. “Буга интернет-трафиктин ар бир гигабайты үчүн 150 форинт (болжол менен 30-35 сом) салык төлөө боюнча өкмөттүн мыйзам долбоору себеп болгон. Мындан кийин өкмөт өз мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча талкууларды жүргүзүп, жарандар үчүн гигабайттын салыгын 700 форинт (165-170 сом), ал эми юридикалык уюмдардын салыгын 5 миң форинтке чейин көтөрүү сунушталган”,- деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, 18-ноябрда Венгриянын парламенти аталган мыйзам долбоору боюнча добуш беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin1
2014-10-30 16:55:33
Бул кабарды биздин жепжутаттар укпасында,Кайдан акча жесек экен деп жутунушуп турганда коктон издегени жерден табылып жыргап калышат экенда.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан