Ош шаарында электр тармактарынын кубаттуулугун жакшыртуу максатында дагы бир 16 миң кВт ампердеги көмөк чордон орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда “Ош электр” ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы көмөк чордон Шейит-Дөбө жана Манас-Ата кичи райондорундагы электр өчүрүүлөрүнүн алдын алат. Жаңы көмөк чордон электр энергиясы жана газ жок учурларда колдонулмакчы.