Эртең, 31-октябрда Бишкек шаарынын аймагындагы турак жайлардын баарына жылуулук берилмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда “Бишкекжылуулук” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн 97 пайызы жылуулук менен камыздалган. Ал эми эртең турак жайлар 100 пайызга жылуулук менен камсыздалмакчы.