Бишкекте кароосуз калган балдардын маселеси талкууланды

Бүгүн, 30-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко балдар үйлөрүнүн жана балдарды тарбиялоо мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле жетим балдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда жетим балдар менен кароосуз калган балдарды социалдык жактан коргоо, балдарды тарбиялоо мекемелерин бүтүргөн балдарды каттоого тургузуу, аларды социалдык турак жайлар менен камсыз кылуу, жетим балдарга акысыз баштапкы, орто, жогорку билим берүү маселелери талкууга алынды.

Коомдук уюмдар тарабынан бул катмардагы балдардын туруктуу каттоосу жок болгондуктан, алардын медициналык кызмат көрсөтүү, социалдык жардамдарды берүү, туруктуу ишке орноштуруу чараларынан четте калып жатканы өтө көйгөйлүү маселелер катары белгиленди. Ошону менен бирге аларга социалдык турак жайларды куруу үчүн акча каражаттарын топтоо максатында атайын эсептерди ачуу маселеси да көтөрүлдү. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөргө социалдык турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа долбоорун иштеп чыгуу сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан