Ош. Сириядагы согушка мектеп окуучуларын чакыруу жана аларды үгүттөө аракеттери боюнча чара көрүлдү

Ош шаарындагы мектептердин биринде 9-класста окуган 3 окуучунун Сириядагы окуяларга катышууга чакырылганы боюнча факт аныкталды. Мектеп окуучуларын алардын мурдагы Хасанбай аттуу классташы социалдык тармактардагы түйүн аркылуу Сирияга кетүүгө үгүттөп келген. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

“Хасанбай 3 классташына Сирияда тартылган видео жана фотоматериалдарды байма-бай жөнөтүп турган. Ошондой эле ал жиберилген материалдарды өз классташтарына таркатууну буюрган”,- дейт З.Сыдыков.

29-октябрда 3 бала ата-энелери жана мектеп жетекчилиги менен Ички иштер башкармалыгына чакырылып, иликтөө иштери жүргөн. Түшүндүрүү иштеринен кийин балдар үйлөрүнө коё берилген.

“Хасанбай былтыр 8 классты бүтүп, Орусияга кетип калган. Ал жактан "Одноклассники" социалдык түйүнү аркылуу көптөн бери классташтарын Сирияга кетүүгө үндөп келген. Анын ата-энеси ажырашып, Ошто жашап жүргөндө башынан оор күндөрдү кечирген. Учурда ал Түркияда же Орусияда болушу мүмкүн, бирок ал тууралуу маалымат так эмес. Себеби буга чейин Хасан ушул эки мамлекет аркылуу байланышка чыгып келген”,- дейт З.Сыдыков.

Маалым болгондой, Хасанбай аттуу бала 1999-жылы туулган жана азыркы учурда кайсы өлкөдө экени белгисиз. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери кызуу жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
arisim
2014-10-30 19:20:00
Оштогу озбектерди жакшылап текшерип туруш керек,алар дагы бир нерсени баштап журбосун,оштогу озбектер кобу эле бети жабык,к.... ачыктар,кулуп туруп дагы бир куну азан айтып чыгышы мумкун алар.
+17
sumash
2014-10-30 21:20:58
тура айтасынар озбекдерди эчким контроль кылбай калды себеби бийлике жакынырак турат булар
+11
iskra77
2014-10-31 02:17:07
Бул ХХХ ХХХ ХХХ болушат экен. Чек арадан чыгып баратканда катуу козомолго алуу керек !
+4
admin_portal
2014-10-31 10:24:38
iskra77 - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин ж.б. нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
zarlyk2211
2014-10-31 05:33:57
Бийлик жакшылап чара коруш керек.
+2
chalkan
2014-10-31 09:10:07
zarlyk2211,Туура айтасын, сага кошулам.
+2
asmat6
2014-10-31 09:30:23
ХХХ ХХХ ушинтип кыргызстанды жаман корсотушот ХХХ
+1
admin_portal
2014-10-31 10:23:29
asmat6 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз. Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
0
myrza80
2014-10-31 20:36:48
Силер ал жакта кимге жихад кыласынар андай жихадты кааласанар биринчи озунордон баштагылачы,азан чакырып мусулмандарга согуш ачпай,напсинерге жихад кылгыла ошондо чыныгы мусулман болоорсунар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан