Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады

Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 31-октябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 19-чакырымында болгон. Анда эки жеңил унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 1972-жылы туулган айдоочу жана эки жүргүнчү жабыркаган. Алар дароо аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан