Бишкекте ИИМдин академиясында 1-курстун 114 курсантынын салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда ИИМдин генерал-майор Эргеш Алиевдин атын алып жүргөн академиясында 1-курстун 114 курсантынын Ата Мекен алдындагы ант берүү аземи болду. Иш-чара академиянын алдындагы Эргеш Алиевдин элесине тургузулган эстеликке гүл коюу менен башталды.   

Аземге ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев, академиянын башчысы Жеңиш Жакыпов, ички иштер органдарынын ардагерлери, генералдары, ИИМдин академиясынын өздүк курамы, курсанттар жана алардын ата-энелери менен туугандары катышты.

“Силер эми эрктүүлүктү, чыдамкайлыкты, кесипкөйлүктү, кыраакылыкты талап кылган кесиптин ээси болдуңар. Тагыраак айтканда, силер бүгүнкү күндөн тарта КРнын Ички иштер министрлигинин катардагы кызматкери деген наамга ээ болдуңар. Баштаган жолуңар байсалдуу болсун! Ата-энеңерди, билим берип жаткан профессордук-окутуучулук курамды уят кылбастан, академиянын атын жогорку билимиңер, мыкты жөндөмдүүлүгүңөр менен актагыла”,- дейт Жеңиш Жакыпов.

Ал эми министрдин биринчи орун басары Бакыт Жусубалиев өз сөзүндө ИИМдин академиясы өлкө аймагындагы Ички иштер министрлигиндеги жалгыз жогорку окуу жай экенин баса белгиледи. Ал кыргыз милициясынын 90 жылдыгы жана ИИМдин академиясынын 45 жылдык мааракеси менен бардык кызматкерлерди куттуктады.

“Мына эми силер да биз менен чындап кесиптеш болдуңар. Мамлекеттик системдин эң керектүү, эң күчтүү тиреги болуп, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына жоопкерчиликтүү болгула. Өз кызматыңарда так болгула, жакшы окуп, татыктуу билим алгыла”,- деди Б.Жусубалиев.

1-ноябрь - милициянын 90 жылдык мааракесине карата ИИМдин академиясынын профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү жана бир катар кызматкерлер өз кызматында өзгөчөлөнгөнү үчүн атайын сыйлыктарга жана төш белгилерге ээ болушту. Ал эми академиянын 7 курсанты окууда артыкчылык көрсөткөнү үчүн жылына бир берилүүчү Э.Алиев атындагы стипендия алышты. Андан соң ант берген курсанттар бүгүн эс алууга бошотулушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан