Бишкекте театр артисттери Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата ачык асман алдында концерт беришти

Бүгүн, 31-октябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына концерт уюштурулду. Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата өкөрүлгөн концертте театрларда эмгектенген чыгармачылык жамааты эл алдына өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ырдап беришти. Ушундай эле иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдында өткөрүлүп, ачык асман алдында көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.
Опера жана балет театрынын солисти Кайыңбек Кускаков: "Бул саамалык салтка айланып калганы менен, акыркы жылдары өткөрүлбөй келген. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен кайра жанданып отурганына кубанычтамын. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап кетем",- дейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан