Сокулук районунда мал уурдоо фактысына шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Төш-Булак айылынын 52 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 13-октябрь күнү белгисиз адамдар короосундагы атын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 18 жаштагы эки тургуну кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.