Жылнаама, 1-ноябрь: Мындан 46 жыл мурун "Заманыбыздын супер ырчысы" Гүлнур Сатылганова төрөлгөн

* Мындан 46 жыл мурун, 1968-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" Гүлнур Сатылганова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулда аяктап, ал эми 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген. Ырчы "Сагыныч", "Сүйөмүн моокум канбастан", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу", "Булуттар", "Ыр десте" сыяктуу ырлар менен атактуулукка жетишкен. Гүлнур Сатылганова "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, "Ариэт" уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы улуту кумык болсо да, кыргыз туусун дүйнөлүк ири мелдештерде даңазалап жүргөн кикбоксчу Али Порсуков өлтүрүлгөн. Ошол каргашалуу окуя Бишкекте Али машыгуудан кийин достору менен жолугушууга баратканда болгон. Ошондо аны алдын ала күтүп турган киллер капысынан чыга калып 3 ок атып, изин жашырып кеткен. Ошол учурда спортчу жалгыз болуп калган. Каргашаны угуп жетип келген клубдаштары аны дароо республикалык ооруканага жеткиришсе да, өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Анткени 3 октун бири спортчунун дал башына тийген. Спорттон кетүүнү ойлоп жүргөн Порсуковдун Дагестандан Бишкекке келгенине 3 эле күн болгон. Окуядан кийин Алинин кылмыштуу топтордун ортосундагы териштирүүдө курмандык болуп калгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы индиялык модель, актриса Айшвария Рай Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Айшвария 1994-жылы 21 жашында “Индия сулуусу” сынагынын жеңүү­чүсү болуп табылып, ошол эле жылы “Дүйнө сулуусу” наамына ээ болгон. Ошондон улам Айшварияга моделдик агенттиктерден гана эмес, белгилүү индия кинорежиссёрлорунан да киного тартылуу сунуштары түшө баштаган. 2001-жылы “Любовь в награду” деген кинодо жараткан ролу үчүн “Мыкты актриса” деп табылат. 2002-жылы Айшвария тартылган “Девдас” деген тасма эң ийгиликтүү тартылган фильм деп табылып, сатылуу жагынан Индияда гана эмес, АКШда да рекорд коёт. Мындан тышкары актриса Шахрух Хан, Салман Хан өңдүү Индиянын белгилүү актёрлору менен бир нече киного чогуу тартылган.
* Мындан 17 жыл мурун, 1997-жылы "Титаник" тасмасынын бет ачары Токио шаарындагы эл аралык кинофестивалда болуп өткөн. Тасманын режиссёру жана сценаристи – Жеймс Кэмерон, анын продюсерлери – Памела Исли, Жеймс Кэмерон, Эл Гиддингс. Кинодогу ролдорду Леонардо Ди Каприо, Кейт Уинслет, Билли Зейн, Билл Пэкстон, Кэти Бэйтс, Жонатан Хайд, Глория Стюарт, Фрэнсис Фишер, Бернард Хилл, Дэвид Уорнер, Сьюзи Амис аттуу белгилүү актёрлор аткарышкан.
Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллионго чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон. Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созуларын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Бирок Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөттү түзгөн.
1-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан