Жылнаама, 2-ноябрь: Мындан 49 жыл мурун индиялык актёр Шахрух Хан төрөлгөн

* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чың-Курулуш айылында туулган. 1980-жылы туулуп-өскөн айылындагы Горький атындагы орто мектепте 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Москвада аскердик кызматын өтөгөн. Ал эми 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Кубик Калыковдун 100дөн ашык обондуу ырлары, 30-40тай сатирасы бар.
 
* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы индиялык актёр, продюсер Шахрух Хан Индиянын Нью-Дели шаарында төрөлгөн. Шахрух Нью-Делидеги лицейде окуп, аны бүт­көн­дөн кийин Дели шаарындагы университеттин алдында уюшулган колледжге тапшырган. Актёрдук карьерасын дал ошол колледжде окуп жүр­гөндө баштаган. Алгач Шахрух сериалдарга тартылып, 1991-жылы "Идиот" деген киного тартылгандан кийин таанылган. Ошол эле жылы "Ча­ры колдовские", "Мечты джентльмена" аттуу кинолордо роль жаратууга жетишкен. Өз­гөчө анын "Наступит ли завтра или нет?" деген киносу Индияда гана эмес, башка мамлекеттерде да белгилүү болгон. Шахрух "Мыкты актёр", "Мыкты роль", "Кино жылдыз", "Индиянын мыкты атуулу" сыяктуу наамдардын бир нече жолку ээси.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы Сербиянын борбору Белградда түш ченде күндүн ысыктыгы +25°Cга жеткен. Буга чейин 2-ноябрь эң жылуу болгон күн 1898-жылы болуп, +24°C ысыган. Сербияда аба ырайына адистер 130 жылдан бери байкоо жүргүзүп келишкен.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы Пакистандын Равалпинди шаарында көчөдө жан кечти өзүн жардырып жиберген. 40тан ашуун адам набыт болуп, 60тан ашуун адам жаракат алган.
2-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан