
* Мындан 114 жыл мурун, 1900-жылы немис ишкери, "Adidas" компаниясынын негиздөөчүсү
Адольф Дасслер туулган. Кесиби өтүкчү болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин бут кийим чыгаруучу фабрикада иштеген атасынын жардамы менен спорттук бут кийимдерди чыгара баштаган. 1923-жылы чакан ишканасына улуу агасы Рудольфту жумушка алган. Ал эми 1924-жылы 1-июлда Рудольф жана Адольф расмий түрдө "Gebrüder Dassler" компаниясын негиздешкен. Бирок убакыттын өтүшү менен бир туугандардын мамилелери бузулуп, алар 1948-жылы компанияны тең экиге бөлүп алышкан. Адольф өзүнчө "Adidas" компаниясын негиздесе, Рудольф өзүнүн ишканасын "Puma" деп атаган. 1978-жылы 18-августта Адольф Дасслер инсульт болуп жыгылып, 6-сентябрда 77 жашында көз жумган.

* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы авар элинен чыккан советтик жана орусиялык акын жана коомдук ишмер
Расул Гамзатов 80 жашында каза болгон. Маркумдун сөөгү 4-ноябрда мекени Дагестанда жерге берилген. Ал 1923-жылы Дагестандагы Цада кыштагында туулган. Расул Гамзатов - авар акыны, Дагестандын Эл акыны, коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры. Ага "Мен туулган жыл" китеби үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы, "Бийик жылдыздар" жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган. Анын эки китептен турган "Менин Дагестаным" жана көптөгөн ырлары кыргыз тилине которулган.
* Мындан 48 жыл мурун, 1966-жылы Италиядагы Арно дарыясы ташкындап, Флоренция шаарын сел каптаган. Көптөгөн искусствонун шедеврлери зыянга учурап, 34 адам каза болсо, 5 миң үй-бүлө үй-жайсыз калган.

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы советтик жана орусиялык чарбачыл мамлекеттик ишмер
Виктор Черномырдин 73 жаш курагында дүйнө салган. Ал 1989-жылы “Газпром” компаниясынын жетекчиси болгон. Бийликке Борис Ельцин келгенде (1992-жылдын декабрь айында) Черномырдин Орусиянын Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, өкмөт башчылык орунда 1998-жылдын март айына чейин турган. Убагында Виктор Черномырдин Борис Ельциндин мураскору деп да аталып келген, бирок президент ордун Владимир Путинге калтырган. Бийликке В.Путин келгенден тартып В.Черномырдин чоң саясаттан четтетилген. Ал 2001-жылдан 2009-жылга дейре Орусиянын Украинадагы элчиси болуп турган.