17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата белгилүү драматург, сценарист Гүласал Алиеванын «Кечир мени» аттуу пьесасы коюлат. Пьесаны Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын чыгармачыл жамааты сахналаштырып коюуну пландоодо. Аталган чыгарма бүгүнкү күндөгү жаштардын актуалдуу көйгөйлөрүн чагылдырат. Ал эми спектаклди сахналаштырууга Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети 30 миң сом каржылык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.