Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленет. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага президенттик аппараттын, өкмөттүн, маданият, искусство тармактарынын өкүлдөрү катышат. Салтанаттын жүрүшүндө кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга өкмөттүн жана Маданият министрлигинин Ардак грамоталары тапшырылат. Ошондой эле иш-чара концерттик программа менен коштолот.