Кечээ, 31-октябрда саат 18:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарында Ош-Баткен унаа жолунун 84-чакырымында Жигули үлгүсүндөгү унаа менен Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру №О72-84F) кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, Жигули-2106 унаасынын айдоочусу Назырбек Сыражидиновду унаадан чыгарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.