Бүгүн, 1-ноябрда Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Европалык сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө таңкы саат 05:15те болгон. Очогу Өзбекстанда жайгашкан жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.