Кадамжай районуна караштуу Ноогардан айылында 1-ноябрь күнү жол кырсыгы катталган. Пүлгөн-Баткен унаа жолунун 16-чакырымында орун алган кырсыкта бир адам каза тапкан.Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Дилмурат Кутбилаев оор жүк ташуучу унаасы менен Лейлек районунан Ош шаарына бара жаткан. Ноогардан айылындагы май куюучу жайга токтоп турганда артынан Опель Зафира үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Лейлек районунун тургуну Бекзат Хосанов көз жумду.