Чыгыш-5 кичи районунда үй ээсинин жансыз денеси табылды

Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен үй ээсинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда күч органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2-ноябрда милицияга аталган үйдүн тургундары коңшусу эки-үч күндөн бери үйүнөн чыкпай жатканын айтышкан. Аталган дарекке келген милиция кызматкерлери батирдин эшигин ачып киришкен. Батирдин бөлмөлөрүнүн биринен 40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган.

Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында ал соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан