Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан “унаа уурдаган” деген шек менен Ала-Тоо конушунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен Ала-Тоо конушунун А.Эркинбек аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар тарабынан үйүнүн короосунан Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында шектүү катары ошол эле жаңы конуштун Н.Нияз аттуу тургуну кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.