Бишкек шаарында зордуктоо фактысына шектелген жаран кармалды

“Бишкек шаарында 17 жаштагы кызды зордуктаган” деп шектелип 32 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, күч органдарына 45 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринен 17 жаштагы кызын белгисиз адам бычак менен коркутуп, зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ota.88
2014-11-03 14:43:00
Эхее эмнегедир ушундай окуяларды коп укчуу болдум. Кыргызстан эмне болуп баратабыз? Булда болсо мыйзамдын иштебегендигинен кабар берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан