Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 3-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Өзгөн районуна караштуу Жыл-Алды айылындагы үйлөрдүн биринде 60 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын чатыры, 100 түк чөп, 200 боо жүгөрү бакалы, 1 тонна саман күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 4 жаштагы баласынын от менен ойногону себеп болгон.
Ошондой эле борбор калаадагы П.Лумумба көчөсүндөгү жылуулук өтүүчү түтүктө 10 чарчы метр таштанды күйүп кеткен. Өрттүн чыгышына селсаяктардын отко карата этиятсыз мамилеси себеп болгон.