Аваз Акимов Ош шаарындагы жеке концертинде мэриянын Ардак грамотасын алды

Ырчы Аваз Акимов Ош шаарында жеке концертин бергенин SUPER.KG порталына бүгүн, 3-ноябрда билдирди.

Маалым болгондой, бул концертте Аваз аккордеондо кол ойнотуп, жандуу үн менен ырларын аткарган. Ошондой эле кыргыз эстрада ырчылары Асел Касымова, Даниель, Сагыныч конок болуп барышып, ыр сунушса, концертти "тамашоучулар" шаңга бөлөштү.

Бишкекте берген жеке концертимди улай эле Ош шаарында да концерт берип кайттым. Күйөрмандарым жакшы кабыл алышты. Муну менен катар Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы тапшырылганы кубантты”,- дейт Аваз Акимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан