Бишкекте жол кырсыгына себепкер болгон мас абалдагы милиция кызматкерине чара көрүлөт

Бишкек шаарындагы 1-ноябрь күнү жол кырсыгына себеп болгон мас абалдагы Биринчи Май РИИБинин кызматкерине тиешелүү чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, автокырсык Малдыбаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда мас абалдагы Биринчи Май РИИБинин кызматкери Мерседес үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан. Анын жанында аялы да болгон. Алар окуя болгон жерден коркутуп-үркүтүү жолу менен изин суутканга аракет кылышкан. Бирок ал жерге чогулган адамдар алардын качып кетүүсүнө жол беришкен эмес.

"Учурда автокырсыкка күнөөлүү болгон милиция кызматкери экинчи тарапка болгон чыгымды төлөп берген. Бул иш боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүүдө, ошондой эле ага карата тиешелүү чара көрүлмөкчү” деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан