Бишкекте тоноо фактысына шектелип Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды

Бишкекте “бычак колдонуу менен тоногон” деген шек менен Ысык-Көлдүн тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Люксембург шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал өткөн дем алыш күнү Лермонтов - Салиева көчөлөрүнүн кесилишинен ага кол салуу болгонун айткан. Кылмышкер бычак менен коркутуп анын акчасын жана уюлдук телефонун тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ысык-Көлдүн тургуну кармалган. Бул иш боюнча учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан