Орусияда уурулук фактысына шектелген 21 жаштагы кыргызстандык кыз кармалды

Орусиянын карамагындагы Кабардино-Балкария Республикасында "дүкөндөн акча уурдаган" деген шек менен Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 3-ноябрда аталган аймактын ИИМинин расмий сайтында жайгаштырылган.

Маалыматка караганда, 21 жаштагы кыргызстандык кыз Прохладный шаарындагы “Цветы” аттуу дүкөндөн акча салынган капчыкты уурдап, изин суутуп кеткен. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал кыздын эки жолку уурдоо фактысына тиешеси бар экени аныкталган. “Уурдалган 19 миң рубль 64 жаштагы жергиликтүү тургундун батиринен жана парфюмерия дүкөнүнөн уурдалган акчалар экени аныкталды” деп жазылат маалыматта.

Сурак учурунда ал кыз өз күнөөсүн мойнуна алып, учурда эки уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tengara
2014-11-04 00:15:01
ak4a emneni gana kylbait
0
temirbek77782
2014-11-04 05:16:03
Тообоо кудай сактай кор,эменелер гана болуп жатат?
0
Faina
2014-11-04 15:09:35
Кантип урдасын биз кенири басып журо албайбызго Москвада
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан