Орусияда өчүрүлбөгөн тамекинин айынан кампа өрттөнүп, анда кароолчу болуп иштеген кыргызстандык жаран каза тапты

Москва шаарынын түндүк тарабында жайгашкан кампалардын биринен чыккан өрттүн кесепетинен анда кароолчу болуп иштеген кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Өрт болгон ишкананын кампасынан кароолчу болуп иштеген 35 жаштагы кыргызстандык жарандын күйүп кеткен денеси табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында кароолчунун чеккен тамекисин өчүрбөй уктап калганы өрттүн келип чыгуусуна себеп болгону аныкталган” деп айтылат маалыматта.  

Жалпысынан аянты 120 чарчы метрди түзгөн кампа өрттөнгөн, анда жергиликтүү ишкананын жабдыктары жана даяр продукциялары күйүп кеткен. Анын жалпы чыгымы 50 миллион рублдан ашуун экени айтылууда. Өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ota.88
2014-11-03 16:49:44
Эхх кыргызым Сасык саясатчылардын айынан карапайым эл ушундай куноо туш болуп жатышат. Эми баарын моюнуна или койбосоо эле. Жаткан жери жайлуу болсун!туугандарына кайрат айттам кайрат кылыныздар!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан