Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Пүлгөн унаа жолунда өткөн аптанын соңунда жол кырсыгы катталган.
Кадамжай РИИБинен билдиришкендей, Опель Астра үлгүсүндөгү унаа Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаасынын чиркегичин (прицеп) сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу С.Г. жана унаанын жүргүнчүсү катуу жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.