Бүгүн, 3-ноябрь күнү Бишкекте өткөн адам сатуу маселелерине арналган тегерек столдо “Нуржолбер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сүйүн Жумалиева Нарын райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Таалайбек Айдаралиевдин адам сатууга катыштыгы бар экенин айтты.
Анын айтымында, Айдаралиев 2012-жылы Нарын облусунун 25 тургунун Казакстанга эмгек кулчулугуна сатып жиберген. Алардын үчөө ал жактан качып келишип, кызматкердин үстүнөн райондук прокуратурага арыз жазышкан. Анын натыйжасында калган 22 адам Кыргызстанга кайтарылган.
“Бул боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон эле, бирок кийин арыздангандар арызын кайрып алышкан. Мунун кесепетинен иш толук тергелбей, аягына чыкпай жатат”,- дейт Сүйүн Жумалиева.