Өткөн аптанын соңунда, 1-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз улуттук драма театрында ырчы KG Эльмурат лазердик шоу менен коштолгон жеке концертин тартуулады. Көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээледи. Алгач азыркы жашообузда кездештирип жаткан терс көрүнүштөр, акырындык менен туура жолду таап кеткен учурлар тууралуу бий концерттин көшөгөсүн ачты. Кечеде KG Эльмуратты куттуктап сахналаштары Асел Касымова, Дайыр Исмадияров, Эдил, "Тамашоудогу" "No name" курамасынын жигиттери, "Step by step", "Дидар" бийчилер тобу чыгармачылыгын тартуулашты. Андан соң Эльмурат "Келинчегим" аттуу ырын аткарып жатканда моделдик агенттиктин ак көйнөк кийген кыздары чыга келишип, ырга көрк кошушту.
Концерттин соңунда ырчы мындан бир жыл мурун каза болгон карындашына арнап "Карындашымдын элесине" деген ырды аткарганда залдагылардын баары көзүнө жаш алып, Эльмурат өзү да кармана алган жок.
Айта кетсек, ал күнү KG Эльмураттын эмгегин баалагандар да болду. Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин Ардак грамотасы, республикалык радиолордун биринен 2013-2014-жылдардагы эң көп жаңырган жылдын популярдуу "Келинчек" ыры үчүн диплом менен сыйланды.