Чүй облусунда адам өлтүрүү фактысына шектүү жаран кармалды

Чүй облусунда адам өлтүрүү фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 30-октябрь күнү Чүй районунда белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда маркумдун киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум менен кылмышка шектүү ошол күнү спирт ичимдиктерин ичишкен. Кийин экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аягы өлүм менен аяктаган.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан