Жылнаама, 4-ноябрь: Мындан 60 жыл мурун V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбеков туулган

* Мындан 62 жыл мурун, 1952-жылы V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Гүласал Садырбаева Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бирлик айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1971-жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун биология мугалими адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1971-жылы башталгыч класстардын мугалими катары баштаган.
 
* Мындан 60 жыл мурун, 1954-жылы V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбеков Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан кыштагында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча бүтүргөн, 1989-1994-жылдары өндүрүштө иштеп, Омск жогорку милиция мектебин (Орусия) юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн.
* Мындан 109 жыл мурун, 1905-жылы 4 күйөөсүн, апасын, эжесин, кайненесин жана 2 небересин өлтүргөндүгү менен белгилүү болгон америкалык киши өлтүргүч Нэнси Доусс АКШнын Алабама штатындагы Блу Маунтин шаарчасында төрөлгөн. 1955-жылы 17-майда Нэнси Доусс сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына буюрулган. Бирок АКШда ал убакта аялдарды өлүм жазасына тартууга мыйзам жол берген эмес. Он жылдан кийин, 1965-жылы 2-июнда Нэнси Доусс темир тор артында лейкемия оорусунан көз жумган.
* Мындан 92 жыл мурун, 1922-жылы англиялык археолог Говард Картер Мисирден фараон Тутанхамондун күмбөзүн тапкан. Байыркы Египет фараону Тутанхамон тарыхка анчалык деле из калтырган эмес. 1333-жылы 10 жашында такка отуруп, 9 жыл башкарган. Айрым маалымат булактарында "Тутанхамон биздин заманга чейинки 1324-жылы 19 жашында өлгөн" деп жазылган. Фараондун калдыктарын изилдеген эл аралык окумуштуулар тобу "Тутанхамондун жаш кеткенине безгек оорусунун күчөп кетиши себепкер болушу толук мүмкүн" деп жыйынтык чыгарган. Бул "өспүрүм курактагы фараон киши колдуу болуп же башка илдеттен өлдү" деген божомолдор туура эмес экенин билдирген. Мындан сырткары фараондун карышкыр таңдай, май таман болгонун, жамбаш сөөгү сынып, бүтпөй калганын окумуштуулар изилдеп чыгышкан.
4-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан