Сокулук районунда "атасын өлтүргөн" деп шектелип баласы кармалды

Сокулук районунда адам өлтүрүү фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 4-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, адам өлтүрүү фактысы 2-ноябрь күнү Шопоков шаарында катталган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышканда 1955-жылы туулган үй ээсинин жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда маркумдун киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркумдун 1978-жылы туулган баласы кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү мас абалында атасын катуу сабап салган. Анын кесепетинен үй ээси каза тапкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
al-abu-kinesz
2014-11-04 08:40:59
Кудай сактаа, не деген заман болуп баратат???
0
Kanat8427
2014-11-04 13:38:37
Эртен ушул кылыгынды озундун баланан коргондо окуносун, бирок кеч болуп калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан