Ысык-Көл облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө 3-ноябрь күнү саат 23:59 чамасында катталган. Анын очогу Ананьево айылынан 5 чакырым чыгышты, Чолпон-Ата шаарынан 53 чакырым түндүк-чыгышты, Түп айылынан 52 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.