Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы үйлөрдүн биринен Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, автоунаанын күйүп кетишине күйүүчү майды туура эмес пайдалангандык себеп болгон.
Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарында зым карагайга жакын жайгашкан чоң дарак күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.