Кара деңизде ооганстандык качкындарды Европага алып бара жаткан кеме кырсыктап, 24 адам каза тапты

Стамбулга жакын аймакта ооганстандык качкындарды Европага алып бара жаткан кеме кырсыктап, анда 24 адам каза тапты. Түрк бийлигинин билдирүүсүнө ылайык, алардын арасынан 12си жаш балдар экени айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, он кишилик кеменин бортунда 40 адам болгон. Алардын ичинен алты жаран куткарылган, ал эми калгандары изделүүдө.

Качкындар жакшы жашоо издеп Румынияга аттанышкан. Оогандыктар аларды деңиз аркылуу алып өтүү үчүн ар бири миң евродон берген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан