9-13-ноябрь күндөрү Тараз шаарында өтчү “Тунгышбай Эл-Тарази Таразга чакырат” аттуу I Эл аралык театр фестивалында мамлекеттик “Учур” жаштар театры С.Раевдин “Меккеге карай узак жол” спектаклин көрсөтөт. Спектаклди режиссёр Барзу Абдураззоков (Тажикстан) койгон.
Аталган театрдан билдиришкендей, бул спектакль 2008-жылы Алматы шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн II Эл аралык фестивалына катышып, 1-орунга татыган. Ал эми 2008-жылы (Бишкек) “Арт-Ордо 2008” Эл аралык фестивалы, 2009-жылы Түрк тилдүү элдердин Эл аралык театралдык фестивалы (Казань шаары, Татарстан), 2011-жыл Москва шаарында өткөн А.П.Чехов атындагы Эл аралык фестивалына катышып, жемиштүү келген.