Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 3-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Борбор калаадагы Исакеев көчөсүндөгү байпак чыгаруучу ишканадан өрт чыккан. Өрттүн келип чыгуусу электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам болгон. Ошондой эле Учкун жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталган. Анда үйдүн 65 чарчы метр гипсокартон шыбы, 1 диван, 1 сыналгы, ашкана гарнитуру күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болууда.
Ошондой эле Чүй облусунун Сретенка айылында жыгач устундуу, шифер жабылган 30 чарчы метр бастырманын чатыры жана анын ичиндеги 100 түк чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.